Элчи Өмүралиев Түркияда окуп жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту

Элчи Өмүралиев Түркияда окуп жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Түркияда Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды.

Элчи Өмүралиев түрк тарап менен бирге ишке ашырылган жана пландаштырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде студенттер элчиликтин активдүү иш алып барып жатканы үчүн ыраазычылык билдиришти. Өзгөчө коронавирустук пандемия учурунда эки өлкө бийлик органдары тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө жарандарга маалымат берүү жана жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча чартердик каттамдарды уюштуруу жаатындагы ишин оң баалашты.

Ошондой эле студенттер Анкарада кыргыз студенттеринин биримдиги түзүлгөндүгү тууралуу маалымат беришип, мындан ары элчилик менен биргелешип ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүү менен иш алып баруу ниетин билдиришти.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы студенттерди Кыргызстандын жараны катары элчилик уюштуруп жаткан маданий иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.