Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн билим берүү министрлеринин конференциясына КРнын катышуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн билим берүү министрлеринин конференциясына КРнын катышуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту, - деп кабарлайт ведомствонун маалымат кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, жолугушууда тараптар COVID-19 шарттарындагы тамак-аш коопсуздугу жана балдардын коопсуздугу жаатындагы ЮНИСЕФтин долбоорлорун, ошондой эле Кыргызстандагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү жаатындагы министрликтин негизги артыкчылыктарын талкуулашты.

Андан тышкары, 2022-жылдын июнь айына мерчемделген Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн билим берүү министрлеринин 2-аймактык конференциясына Кыргызстандын катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.