Кыргызстанга Өзбекстандан 5 миң тоннага жакын аммиак селитрасы алып келинди

Кыргызстанга Өзбекстандан 5 миң тоннага жакын аммиак селитрасы алып келинди

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Кыргызстанга Өзбекстандан 4 миң 977 тонна аммиак селитрасы ташып келинди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аммиак селитрасы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, республиканын минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсүн толук камсыздоо жана стратегиялык корду түзүү максатында алып келинди.

Анын ичинен Баткен облусуна - 378 тонна, Жалал-Абад облусуна - 819 тонна, Ош облусуна - 819 тонна, Ысык-Көл облусуна - 682 тонна, Нарын облусуна - 200 тонна, Чүй облусуна - 1300 тонна жана Талас облусуна - 779 тонна бөлүштүрүлдү.

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу ташылып келинген минералдык жер семирткичтерге болгон баа КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бекитилип, республиканын баардык аймактарында 46,7 сом/кг сатылууда.

Аммиак селитрасын сатып алуу үчүн байланыш телефондору:

Ош облусу «Кара-Суу-Дан Азык» ААКу – Исраилов Алмаз Турдалиевич, тел.: 0772 53-61-93;

Жалал-Абад облусу «Азрат-Айыб» ААКу – Исматуллаев Эркин Эргешович; тел.: 0555 52-11-11;

Чүй облусу «Дан» МИ – Исмаилов Болотбек Сатыбекович, тел.: 0551 30-44-55;

Чүй облусу «Кант Дан Азык» ААКу – Казыбаев Бектур Болотович, тел.: 0555 07-55-55;

Фонддун Түндүк аймактык башкармалыгы – Кожонов Алманбет Кыргызбаевич, тел.:0559 22-59-55, 0558 01-03-70.