Элчи Аманбаев Кумтөр кени боюнча эл аралык коомчулук өкүлдөрүнө түшүндүрмө берди

Элчи Аманбаев Кумтөр кени боюнча эл аралык коомчулук өкүлдөрүнө түшүндүрмө берди

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Кыргызстадын АКШ жана Канада мамлекеттериндеги элчиси Бакыт Аманбаев Кумтөр боюнча эл аралык коомчулук өкүлдөрүнө түшүндүрмө берди.

Элчиликтен билдиргендей, 2022-жылдын 8-апрелинде Аманбаевдин демилгеси менен Вашингтон шаарында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчысы жана дипломаттары, Рамсфелд фондунун CAMCA Fellowship 2022 программасынын катышуучулары менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууда Бакыт Аманбаев Кырызстанда соңку жылдары президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен жүргүзүлгөн Конституциялык рефоманын маңызы тууралуу айтып, кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда кол коюлган келишим тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.

Өз сөзүндө элчи президент Жапаровдун жетекчилиги менен Кумтөр алтын кени боюнча бир жыл бою сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн, натыйжада өз ара макулдашуу жолу менен келишим түзүлгөнүн маалымдап, анын негизинде Кыргызстан Кумтөр кенин башкаруу жана ага ээлик кылуу укугуна жетишкендигин маалымдады. Жыйындын аягында катышуучулардын ар кандай суроолоруна жооп берди.

Маалымат үчүн: Рамсфелд фондунун CAMCA Fellowship 2022 программасы Борбордук Азия, Монголия, Кавказ жана Афганистандын мамлекеттик органдарынын, аналитикалык борборлорунун жана ММК өкүлдөрүнүн катышуучуларынын ортосунда күчтүү жеке жана профессионалдык байланыштарды түзүүгө багытталган программа.