Айсулуу, Акжол жана Жоламан баштаган спортчулар Азия чемпионатына катышат

Айсулуу, Акжол жана Жоламан баштаган спортчулар Азия чемпионатына катышат

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Бириккен күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка ылайык, Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтөт.

Кыз-келиндер курама командасы улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында мелдешке үч спортчу катышат:

Айсулуу Тыныбекова, 62 кг; Мээрим Жуманазарова, 68 кг; Айпери Медет кызы, 76 кг.

Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги алдында грек-рим боюнча курама командасы төмөнкү курамда катышат:

Балбай Дордоков, 55 кг; Жоламан Шаршенбеков, 60 кг; Тынар Шаршенбеков, 63 кг; Элдияр Сатаров, 67 кг; Адилхан Нурланбеков, 72 кг; Акжол Махмудов, 77 кг; Калидин Асыкеев, 82 кг; Мелис Айтбеков, 87 кг; Үзүр Жузупбеков, 97 кг; Роман Ким, 130 кг.

Эркин күрөш боюнча курама команда улук машыктыруучу Таабалды Сүймөнкул уулу жана башкы машыктыруучу Русланбек Мажиновдун жетекчилиги алдында чемпионатка катышат.

Балбандардын тизмеси:

Алмаз Сманбеков, 57 кг; Улукбек Жолдошбеков, 61 кг; Алибек Осмонов, 65 кг; Эрназар Акматалиев, 70 кг; Ислам Орозбеков, 74 кг; Арсалан Будажапов, 79 кг; Саякбай Усупов, 86 кг; Мирлан Чыныбеков, 92 кг; Айбек Токтогул уулу, 65 кг (резерв) Орозбек Токтомамбетов, 70 кг (резерв).