Кыргызстанда эркектер пенсияга чыккандан кийин 14, аялдар 22 жыл жашайт

Кыргызстанда эркектер пенсияга чыккандан кийин 14, аялдар 22 жыл жашайт

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Эркектер пенсияга чыккандан кийин орточо эсеп менен 14, ал эми аялдар 22 жыл жашайт. Бул тууралуу парламенттик угуулардын жүрүшүндө Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Маалыматка ылайык, пенсионердин орточо жашоо узактыгы эркектер үчүн 74 жашты, аялдар үчүн 81 жашты түзөт.

Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдиргендей, пенсионерлердин эң көбү Ош облусуна туура келет (141 миң 686 адам), анын кийин Жалал-Абад жана Чүй облустары турат.