Мирзиёев Садыр Жапаровду «Центерра» менен тийиштүү келишимге кол коюлушу менен куттуктады

Мирзиёев Садыр Жапаровду «Центерра» менен тийиштүү келишимге кол коюлушу менен куттуктады

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду Кумтөр алтын кенинин макамы боюнча «Центерра» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы жана тийиштүү келишимге кол коюлушу менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Садыр Жапаров бүгүн, 8-апрелде, Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

«Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулап, аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышты. Сүйлөшүү соңунда мамлекет башчылары ыйык Рамазан айынын башталышына байланыштуу бири-бирин куттукташты», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 4-апрелде министрлер кабинети менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.