Казакбаев Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү ардактуу консулдары менен жолугушуу өткөрдү

Казакбаев Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү ардактуу консулдары менен жолугушуу өткөрдү

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Кечээ, 5-апрелде КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү ардактуу консулдары менен видеоконференция форматында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Р.Казакбаев көп жылдан бери Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн жана чет өлкөлөрдө биздин мекендештерге жардам көрсөтүүнүн маанилүү инструменти болгон ардактуу консулдар институтун өнүктүрүүгө Кыргызстан чоң маани бере тургандыгын белгиледи.

Тышкы саясий ведомствонун башчысы алар тарабынан жүргүзүлгөн иш үчүн, атап айтканда, 2020-жылы коронавирус илдетинин жайылуусуна каршы көрүлгөн карантиндик чаралар мезгилинде Баткен облусунун айылдарын калыбына келтирүүгө, ошондой эле Украинада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу КР жарандарын мекенге кайтарууга ардактуу консулдар тарабынан көрсөтүлгөн көмөк үчүн ыраазычылык билдирди.

Министр ардактуу консулдардын астында турган негизги милдеттерге: чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын миграция саясатын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери жок жерде өкүлчүлүктү камсыздоо, КР жарандарына жүрүү өлкөсүнүн эрежелерин жана нормаларын түшүндүрүү, аларга кризистик абалда ыкчам түрдө консулдук-укуктук жардам берүү, эмгек мигранттарын колдоо жана коргоо системасын жакшыртуу, анын ичинде эмгек миграциясы максатында чет өлкөгө чыгуу маселесин чечүү жана чет өлкөрдөгү кыргызстандыктардын коомдук бирикмелери (диаспоралары) менен кызматташууну бекемдөө маселелерине көңүлүн бурду.

Ошону менен бирге, тышкы саясий ведомствунун башчысы экономикалык дипломатия чөйрөсүндө, атап айтканда, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, экспорттук дараметти көтөрүү, инвестицияларды тартуу, туризмди өркүндөтүү жана жалпысынан өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо чөйрөлөрүндө ардактуу консулдардын ишмердүүлүгүн активдештирүү зарылдыгына өзгөчө басым жасады.

Бул жаатта министр Р.Казакбаев эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына мүмкүн болуучу таасирине өз убагында жооп кайтаруу, ошондой эле алардын өлкөгө жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерге терс таасирин азайтуу маселесинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир алмашуунун жүрүшүндө ардактуу консулдар аралыктан болсо да жолугушуу мүмкүнчүлүгү берилгендигине ыраазычылыгын билдирип, коронавирус инфекциясына байланыштуу киргизилген чектөөлөр жалпысынан жакын арада жоюлуп, тиешелүү маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүнө үмүт артышты.

Ардактуу консулдар ошондой эле консулдук округдарында жүргүзгөн иштери тууралуу маалымдап, министр Р.Казакбаев койгон маселелерди ишке ашыруу, ошондой эле иштин башка багыттары боюнча өзүнүн сунуштарын беришти.

Ошону менен бирге, ардактуу консулдар Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдарынын жолугушуусун өткөрүү чечимин кубатташты.