Женевадагы БУУнун кеңсесинде Нооруз эл аралык күнүн майрамдоого арналган иш-чара өттү

Женевадагы БУУнун кеңсесинде Нооруз эл аралык күнүн майрамдоого арналган иш-чара өттү

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Женевадагы БУУнун кеңсесинде жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы он эки мамлекеттин туруктуу өкүлчүлүктөрү 1-апрелде Интеллектуалдык менчик дүйнөлүк уюмунун холлунда Нооруз эл аралык күнүн майрамдоого арналган иш-чара өткөрүштү.

Кыргызстандын ТИМинен билдиришкендей, Женевадагы дипломатиялык корпустун 400дөн ашуун өкүлү катышкан иш-чарада Кыргызстан, Афганистан, Азербайжан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын миссиялары түрдүү улуттук тамак-аштарды тартуулашты.

Ошондой эле аталган өлкөлөрдүн маданий, экономикалык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн уюштуруучу мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү мамлекеттердин элдерин Нооруз майрамы менен куттуктап, БУУнун Башкы ассамблеясынын 2010-жылдын 23-февралындагы резолюциясында 21-мартты Эл аралык Нооруз күнү деп жарыяланышын жана бул майрамдын дүйнөлүк маданий маанисин баса белгилешти.