Казакбаев Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипөкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Казакбаев Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипөкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Кечээ, 4-апрелде КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кыргызстандын элчиликтеринин, эл арлык уюмдардагы КР туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана КР башкы консулдуктарынын жетекчилери менен КР Тышкы иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда видеоконференция форматында кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө министр Р.Казакбаев экономикалык дипломатияга басым жасоо менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин 2022-жылдын I кварталындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Министр өз сөзүндө тиешелүү өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөө алкагында иш-чараларды өткөрүүнүн жана артыкчылыктуу багыттар боюнча биргелешкен кызматташуу программаларын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп өттү.

Министр КР чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин бардык башчыларын экономикалык дипломатия жаатында жигердүү, демилгелүү ишмердик жүргүзүүгө жана КР ТИМ жана КР чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин 2022-жылга Иш планын, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында КР министрлер кабинетинин Кризиске каршы чаралар планын жана Иш-аракеттер планын, ошондой эле 2022-жылдын январында КР министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаровдун КР чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчылары менен видеоконференциясынын жүрүшүндө коюлган тапшырмаларды сапаттуу аткарууга чакырды.

Министр Р.Казакбаев дипломатиялык мекемелердин ишмердүүлүгү тышкы саясий жана тышкы экономикалык чөйрөлөрдө улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө, айрыкча чет өлкөдөн инвестицияларды, технологияларды жана билимди тартууга, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык байланыштарды, ата-мекендик продукцияны чет өлкөлөрдүн рыногуна экспорттоону кеңейтүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталышы зарылдыгын белгиледи.

Бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, эл аралык келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун айрым аспектилери, ошондой эле келечектүү тармактарда долбоорлорду илгерилетүү боюнча маселелер каралды.

Министр Р.Казакбаев КР чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилеринин биринчи кезектеги маселелери катары Түркмөнстан, Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Иран, Азербайжан, Түркия, Италия жана Түрк мамлекеттер уюмунун фонду менен инвестициялык жана өнүктүрүү фонддорун түзүү ишин улантуу зарылдыгына көңүл бурду. КР инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча бизнес-форумдарды, презентацияларды жана көргөзмөлөрдү өткөрүүгө, актуалдуу эл аралык көйгөйлөр боюнча конференцияларга, тегерек столдорго жигердүү катышууга демилгелүү мамиле кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйындын катышуучулары ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде Украинадагы жана Афганистандагы кырдаалды талкуулашты. Санкциялардын Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген таасири, өлкөгө жана чет өлкөдөгү мекендештерибизге тийгизген терс кесепеттерин минималдаштыруунун жолдору өзгөчө каралды. Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоо, экспорттук продукциянын көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, чек арадагы тынчтыкты орнотуу маселелери кеңири талкууланды.