Кыргызстанда акыркы суткада бустердик дозаны 1,1 миң адам алды

Кыргызстанда акыркы суткада бустердик дозаны 1,1 миң адам алды

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:

- биринчи дозасын 2 миң 767 адам алды, жалпы 1 млн 495 миң 754 адам;
- экинчи дозасын 510 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 255 миң 359 адам;
- бустердик дозаны 1143 адам алды, алардын жалпы саны 167 миң 951 адамга жетти.