2021-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 311 млрд сомго жетти — Садыр Жапаров

2021-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 311 млрд сомго жетти — Садыр Жапаров

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. 2021-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин көлөмү 311 млрд сомго жетти. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Акылбек Жапаров башкарган министрлер кабинетинин алдына койгон эң башкы милдет — бюджеттин кирешесин көбөйтүү.

“Жаңы команда кандай активдүү иштеп жатканын өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Натыйжалар көп деле күттүргөн жок. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча консолидацияланган бюджеттин көлөмү 311 млрд сомго жетти. Бул жылы чогултууларды 400 млрд сомго жеткирүү милдети коюлган. Кийинки жылга 500 млрд сомго жеткирүү милдетин коюп жатам. Коррупцияны жок кылсак, сол чөнтөккө кетип жаткан акчаларды токтотсок бул көрсөткүчкө жетебиз”, - дейт президент.