Кыргызстандык 9 боксчу Сербиядагы эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандык 9 боксчу Сербиядагы эл аралык мелдешке катышат

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Сербиядагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Турнир 29-марттан 3-апрелге чейин Белград шаарында өтөт.

Кыргызстандын курамасына тогуз спортчу кирди:

1. Анвар Ходжиев, 48 кг;

2. Нуржигит Дүйшебаев, 51 кг;

3. Санжар Сейдакматов, 54 кг;

4. Мунарбек Сейтбек уулу, , 57 кг;

5. Рысбек Бектенов, 60 кг ;

6. Жанторо Ташиев, 63,5 кг;

7. Мирзахид Имамназаров, 63,5 кг;

8. Нурадин Рустамбек уулу, 71 кг;

9. Өмүрбек Бегжигит уулу, 80 кг.