Кыргызстан менен Малайзиянын Кинематография департаменттери кызматташат

Кыргызстан менен Малайзиянын Кинематография департаменттери кызматташат

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Малайзиянын Кинематография департаменттери кызматташат. Бул тууралуу КР Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-мартта Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору М.Бектеналиев, Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын директору А.Бекболотов жана KL Television Network Sdn. Bhd. (Малайзия) каналынын продюсери Фаиз Келими менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ко-продукция боюнча иш алып барууга кызыктар экендигин маалымдашып, продюсер Фаиз Келими ко-продукциянын бюджетинин 50% чейин колдоого даяр экендигин белгиледи.

Ошону менен бирге Кинематография департаментин директору, КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК), Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын директору жана KL Television Network Sdn. Bhd. каналынын продюсери меморандумду даярдоо маселеси талкуулашты.

Ошондой эле Фаиз Келими улуттук тасмаларды Малазияда өтүүчү "Мусулман тасмаларынын фестивалына" катышууга чакырды.