Кыргызстандык төрт спортчу дүйнөнүн мыкты балбандарынын рейтингине кирди. Кимдер?

Кыргызстандык төрт спортчу дүйнөнүн мыкты балбандарынын рейтингине кирди. Кимдер?

Кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы дүйнөнүн мыкты 25 жашка чейинки балбандардын рейтингине кирди. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунан билдиришти.

Рейтинге жалпы 25 балбан кирди. Анын ичине грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасында күрөшүнүн спортчулар кирди.

Тизменин 6-орунуна Токио Олимпиада оюндарынын коло медалдын ээси, дүйнөнүн чемпиону Мээрим Жуманазарова илинди. Андан кийинки 7-орунга Токио Олимпиадасында күмүш медал уткан Акжол Махмудов турат. Ал эми 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону болгон Эрназар Акматалиев 15-орунда, дагы бир 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы 17-орунда турат.

Ал эми рейтингдин сап башында төмөнкү спортчулар турат:

1-орунда япониялык Юи Сусаки (22 жашта);
2-орунда япониялык Юкако Каваи (24);
3-орунда ирандык Амир Хоссейн Заре (21).