Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө жогорку билим берүүнүн бирдиктүү жана туруктуу тутуму жок, жогорку билим берүүнүн структурасын жана системасын тутумдуу модернизациялоону камсыз кылган комплекстүү саясат жок деп ишенимдүү айта алабыз. "Бакалавр жана магистр даражалары эмгек рыногунда анча белгилүү эмес. Мындай жагдай билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу үчүн лицензиялоо жана аттестациялоо механизмдерин өркүндөтүүгө мүмкүндүк бербейт", - деди ал.

Мамлекеттик катчы Кыргызстанда өзүнүн адистиги боюнча иш тапкандар өтө аз экенин белгиледи. Мисалы, эл аралык мамилелер факультетинин бүтүрүүчүлөрү адистигинен тышкары соода же башка тармактарда иштешет.

"Жогорку окуу жайын бүтүрүүчүлөрдүн бир тобунан жок дегенде эки-үч студент өз адистиги боюнча ишке орношо алса, бул чоң ийгилик деп эсептелет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, жумушсуз жаштардын 60 пайызынын 14 пайызга жакыны гана өз адистигине ылайыктуу жумуш табат же окуусун андан ары улантат", - деген Касмамбетов мындай абалды тез арада оңдоо керек экенин кошумчалады.

Ушуга байланыштуу ал Экономика министрлиги жумуш орундарынын теңсалмагын такай талдап, сунуштарын берип турушу керектигин, ал эми Эмгек министрлиги кайсыл тармакка кайсы адистер керек экенин аныктап турушу керектигин баса белгиледи. "Ал эми билим берүү системасы кимди жана канча адисти даярдоону так түшүнүшү керек, бирок бул үчүн биринчи кезекте улуттук адистик системасын иштеп чыгуу зарыл", - деди ал.

Конрада Аденауэра атындагы фонддун Борбор Азия боюнча аймактык жана ыйгарым укуктуу өкүлү Ронни Хайне фонд 25 жылдан бери иштеп келе жатканын белгиледи.

"Биз билим алууну мектептен баштайбыз, андан кийин Жождордон. Башталгыч билим алуу дагы пайдубал болуп саналат. Илим жаш кадрлардын алдыга чыгышына көмөктөшүшү керек, жаштарды тарбиялашы керек. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жаштардын билиминин маанилүүлүгүн белгилегим келет. Мектептен баштап жакшы даярдык чындыгында мамлекеттин бардык тармактарында чоң жана туура шарт болуп саналат. Жаш кадрлар канчалык даяр болсо, өлкө ошончолук башка мамлекеттер менен атаандаша алат. Жаш муун үчүн жумуш орундары түзүлүшү керек. Көптөгөн илимпоздор илимий изилдөө, долбоорлорду иштеп чыгууну каалашат, бирок аларга мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо жок. Мындай кырдаалда адамдан илим менен алектенүү жөнүндөгү ойлор кетет", - деди фонддун өкүлү.

Ал ошондой эле илимий кадрларды жакшы төлөнүүчү жумуш менен камсыз кылуу, өлкөнүн өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошо турган илимий долбоорлорду түзүү керектигин белгиледи.

КР президентинин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова аң-сезимдик деңгээлде коррупцияга карата терс мамилени калыптандыруу керектигин баса белгиледи.

"Биз эл аралык практикада колдонулуп келген куралды пайдаланышыбыз керек. Коррупцияга каршы практикада түшүндүрүү иштерине басым жасоо зарыл. Академиялык чөйрөдө, билим берүү тармагында коомдун жаңы жана дени сак күчтөрүн калыптандыруу менен коррупцияга жийиркеничтүү мамиле түзүү абзел. Ошондой эле академиялык чынчылдык профессордук-окутуучулук курамдын, мугалимдердин, кызматкерлердин, студенттердин жана окуучулардын сатылбастыгынын зарыл куралы жана баштапкы пайдубалы катары кабыл алынат", - деди Муканова.

Ошондой эле, Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин башкы катчысы өлкөдө моралдык нерселерге суроо-талап бар экенин кошумчалады. Анын айтымында, адептүүлүктүн образдары аркылуу жаңы образдарды түзүүгө болот. Ал ошондой эле адептүү тасмаларды, чыгармаларды жаратуу программасын ишке киргизүү, жаңы чынчылдык маданиятын түзүү өлкөнүн өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет деп эсептейт.

"Биз калктын жана ар бир адамдын коррупцияга болгон мамилесин өзгөртүү үчүн маданий бурулушка жетишүү зарылчылыгы жөнүндө сөз кылып жатабыз. Куралдардын ар биринде бардыгы биргелешип көрүүгө тийиш болгон көптөгөн кадамдар жана аракеттер камтылган. Бул багыттагы бардык иштер планда чагылдырылат. Коррупцияга каршы түшүндүрүү иштерине келсек, коомдо ар түрдүү ойлор айтылат. Таң калычтуусу коррупциялык иштер тууралуу сөз болгондо, коррупционерлерди актап, коомдук пикирди бурмалаган адамдардын тобу пайда болуп жатат", - деди Муканова.

Нурипа Муканова коррупцияга каршы коомдук пикирди коомдо ар бир адам колдоого алышы керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана коомдук пикир лидерлерин коррупцияга шектелген же соттолгон адамды кызматка көтөрүү же реабилитациялоо коммерциялык негизде жүргүзүлүп жатканын ачык эскертүүгө милдеттендирген коррупцияга каршы маалыматтык саясат иштелип чыгышы керек.

"Коррупцияга шектелген адамды колдоо коррупциялык пропаганда катары кабыл алынышы керек! Коррупция менен сапаттуу күрөшүү зарыл. Коррупцияга каршы күрөштө илимий, билим берүү жана маданият мекемелеринин өздөрүнүн ишинин натыйжалуулугун олуттуу жогорулатуу керек. Ошондой эле жетиштүү техникалык жана эксперттик мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан натыйжалуу колдоо көрсөтүп, коррупциялык фактыларды билдиргендерге сыйлык берүү абзел", - деп кошумчалады Муканова.

"Кабар" МАБ