Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курама командасы эл аралык мелдеште коло медаль утту

Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курама командасы эл аралык мелдеште коло медаль утту

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы футзал боюнча эл аралык мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык мелдеш Душанбе шаарында өткөн. Ал 21-январдан 28-январга чейин созулган. Мелдешке Иран, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курама командалары катышкан.

Алты беттештин жыйынтыгында Кыргызстандын футзалчы кыздары төрт упай топтогон. Тактап айтканда, Иран менен Өзбекстандын спортчуларынан 4 оюнда тең утулуп калса, Тажикстандын командасы менен биринчи оюнда тең чыгып, экинчи беттеште жеңишке ээ болгон.