Ирандын жаңы президентинин ант берүү аземи июлда өтөт

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиан өз дарегине куттуктоолорду кабыл алып, ишке киришүүгө камынууда.

Маалыматтарга караганда, 69 жаштагы өлкө башчысы жогорку билими боюнча кардиохирург. Буга чейин саламаттык сактоо министри кызматын аркалаган. Парламентке депутат да болуп шайланган.

Экинчи турда 30 млн шайлоочунун 16,3 млн добушун Масуд Пезешкиан алса, анын атаандашы Саид Жалили 13,5 млн добушка ээ болду.

Пезешкиандын ант берүү аземи июль айынын аягында же августтун башында өтөрү айтылууда. Анын алдында биринчи кезекте министрлерди дайындоо милдети турат. Ар бир талапкер консерваторлор көзөмөлдөгөн парламенттен жекече жактыруусуна ээ болушу керек.

Ирандагы бардык бийлик жогорку лидер аятолла Али Хаменеиге таандык. Ал Ислам Республикасынын тышкы жана ички саясатын аныктайт. Бул маселелерде президенттин таасири чектелген, 2020-жылдан бери парламент дагы президентке кийлигише алат.

Масуд Пазишкаин Ирандын тогузунчу президенти болуп шайланды. Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өлкөнүн президенти Эбрахим Раиси 19-майда авиакырсыктан каза болгондон кийин дайындалган.