ИИМ башчысынын орун басары Бангладеш элчиси менен жолугушту

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Бүгүн ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Бангладештин Кыргызстандын элчиси Ислам Мухаммад Монирул менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылууда өлкөлөр ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Адылбек Бийбосунов бүгүнкү күндө Кыргызстандын, ошондой эле Кыргызстандын аймагында жүргөн чет мамлекеттердин жарандарынын, өзгөчө студенттердин туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча министрлик тараптан ар тараптуу чаралар көрүлүп жаткандыгын билдирди.

Өз кезегинде элчи Ислам Мухаммад Монирул кырдаалдын турукташуусуна үмүт артып, ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин белгиледи.