...

Россия Кыргызстанга «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасын берет

Башка жаңылыктар Башка жаңылыктар 27 Oktyabr 2021 09:13
Кыргызстан Kabar Nursuluu
Россия Кыргызстанга «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасын берет

Россия Кыргызстанда коронавируска каршы «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасын берет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын өкмөтү тарабынан Кыргызстанга 200 миң доза вакцина алуу максатында 1,2 млн доллар бөлүү чечими кабыл алынган.

«Спутник Лайт» вакцинасы кайтарымсыз негизде Россия ӨКМнин линиясы аркылуу берилет.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү