Кыргызстанда жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө коюлган мораторий алынды

Кыргызстанда жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө коюлган мораторий алынды

Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерге байланыштуу жугуштуу оорулардын жана массалык уулануулардын алдын алуу, тамак-аш коопсуздугун жана эпизоотиялык бакубаттуулукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылы 17-декабрдагы "Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүгө ылайык, тамак-аш азыктарын (сактоо, ташуу, жүзөгө ашыруу) өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерде Кыргыз Республикасынын тамак аш коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттеринин жана башка ченемдик-укуктук актыларын талаптарын сакталышын текшерүүгө мораторий алынды.

Бишкектеги акыркы массалык ууланууга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бүткүл республика боюнча жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө алышат.