...

Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55,2 миң дозасы келди

Башка жаңылыктар Башка жаңылыктар 11 Oktyabr 2021 14:14
Кыргызстан Kabar Nursuluu
Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55,2 миң дозасы келди

Бүгүн, 11-октябрда Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55 миң 200 дозасы келди. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, вакцина Европа Биримдигинин жарандык колдоо механизминин алкагында Польша мамлекети тарабынан берилди.

Жүктү “Манас” аэропортунан саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Польшанын резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Кыргызстандагы элчисинин орун басары Томаш Коллат жана Европа Биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр тосуп алышты.

Улук-Бек Бектурганов көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, жүк жакын арада эмдөө пункттарына бөлуштүрүлүп берилерин белгиледи. Ал эмдөө кампаниясынын алкагында Кыргызстандын калкынын 39%ы эмдөөнүн биринчи дозасын, 29%ы эки дозасын тең алганын маалымдады.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү