Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү өтөт

Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү өтөт

Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, казак маданиятын даңазалаган маданият күндөрүн Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова жетектеп келет.

Искусство чеберлеринин концертине СССРдин эл артисти, Казакстан Республикасынын Эмгек баатыры, “Парасат” орденинин кавалери Роза Рымбаева, СССРдин эл артисти жана Казакстан Республикасынын Эмгек баатыры Алибек Днишев, Казакстан Республикасынын эл артисттери Алтынбек Корозбаев, Макпал Жунусова жана Нуржамал Усенбаева, Казакстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Нурканат Жакыпбай, Секен Турусбек жана Жумабай Шаштайулы жана Адил Ахметов сындуу белгилүү өнөр адамдары, Абай атындагы Казак улуттук опера жана балет театры, Курмангазы атындагы Казак Улуттук эл аспаптар оркестри, “Астана Балет” театры, домбрачылар ансамбли, "Арлан" улуттук каада-салт театры, "Туран" фольклордук-этнографиялык ансамбли жана Мейрамбек Бесбаев, Кенжебек Жанабилов жана Сакен Майгазиев баштаган “МузАрт” эстрадалык тобу жана башка башка белгилүү маданият өкүлдөрү катышат.

Ал эми маданият күндөрүнүн алкагында “Казак кино күндөрү” өтүп, Казакстан Республикасынын Эмгек Баатыры, СССРдин жана Казакстан Республикасынын эл артисти Асанаалы Ашимов жана "Казак хандыгы. Алмаз кылыч" тасмасынын режиссеру Рустем Абдрашев менен жолугушуулар уюштурулат.

Маданият күндөрүнүн программасында Казакстан Республикасынын искусство чеберлеринин концерти, казак кино күндөрү, Казакстандын археологиялык артефактары менен көркөм сүрөт көргөзмөсү, этно-фольклордук концерт жана казак элинн улуу акыны агартуучу, казак жазма адабиятынын жана адабий тилинин негиз салуучусу Абай Кунанбаевдин өмүрүнөн алынган А. Жубанов, Л. Хамидинин “Абай операсы” көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, Казакстандан 300дөн ашуун белгилүү маданият өкүлдөрү келет.