Айсулуу Тыныбекова Парижде өтө турган Олимпиадага катышышы мүмкүн

Айсулуу Тыныбекова Парижде өтө турган Олимпиадага катышышы мүмкүн

йсулуу Тыныбекова 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышышы мүмкүн. Бул тууралуу "Биринчи райдионун” түз эфиринде эркин күрөш боюнча Кыргызстандын аялдар курамасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

“Азыр Айсулуу Тыныбекова 28 жашта. Олимпиада оюндарына 4-5 жолу катышкан спортчулар бар. Ушул сыяктуу акыркы мисал быйыл Токиодо өткөн оюндарда Кубалык Лопес аттуу спортчу 4-жолу Обимпиада оюндарына катышып, төрт жолу тең алтын медаль утту. Ошондой эле япониялык спортчу Каори Ричо дагы төрт Олимпиадага катышып, алтын алды. Спортчулардын арасында үй-бүлө кургандан кийин дагы спортко кайткандар бар. Айсулуу Парижде Олимпиада өтө турган жылы 31 жашка чыгат. 34 жана 38 жашында дагы алтын медаль багындырган спортчулар көп”,-деди ал.

Изабеков алтын медалга чоң үмүтүбүз бар деп белгиледи.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында аялдар күрөшү боюнча күмүш медаль алган.