...

Ошко Кытайдын Синин шаарынан медициналык каражаттар түрүндөгү жардам келди

Башка жаңылыктар Башка жаңылыктар 10 Avqust 2021 09:49
Кыргызстан Kabar Nursuluu
Ошко Кытайдын Синин шаарынан медициналык каражаттар түрүндөгү жардам келди

Күн мурун, 9-августта, Ош шаарына достук мамиледеги Кытай Эл Республикасынын Цинхай провинциясынын Синин шаарынан медициналык каражаттар менен гуманитардык жардам келип түштү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда медициналык беткаптар, респираторлор, коргоочу костюмдар, инфракызыл термометрлер бар. Жардамды Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов кабыл алып, Кытай тараптан келген өкүлдөргө ыраазычылык билдирди.

Гуманитардык жүк Ош шаарындагы жаңы типтеги COVID-19дун таралышын алдын алуу максатында шаардын мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларына бөлүштүрүлөт.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү