Түрк маданияты жана мурасы фонду менен Түрк лингвистикалык коомунун ортосунда өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлду

Түрк маданияты жана мурасы фонду менен Түрк лингвистикалык коомунун ортосунда өз ара түшүнүшүү
Меморандумуна кол коюлду

Түрк маданияты жана мурасы фонду менен Түрк лингвистикалык коомунун ортосунда өз ара түшүнүшүү
Меморандумуна кол коюлду
Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова Анкарага жасаган расмий сапарынын алкагында Түрк лингвистикалык коомунун башчысы Осман Мерт менен жолугушту.

Жолугушууда түрк мамлекеттеринин башчыларынын азыркы түрк дүйнөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо боюнча көрүлгөн олуттуу аракеттери белгиленди. Жолугушуунун жүрүшүндө түрк элдеринин интеграция процессин бекемдөөдө жалпы тил факторунун маанилүү ролу баса белгиленди. Фонддун жана Түрк лингвистикалык коомунун жалпы түрк мурастарын сактоо боюнча ишмердүүлүгү жогору бааланып, мындан аркы биргелешкен кызматташтыктын келечектеги перспективалары талкууланды.

Жолугушуунун алкагында Түрк маданияты жана мурасы фонду менен Түрк лингвистикалык коомунун ортосунда өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлду. Документке Фонддун президенти Актоты Райымкулова жана коомдун жетекчиси Осман Мерт кол коюшту.
Меморандум тарыхый боордоштук байланыштары, орток тамырлары, тили жана маданияты бар түрк элдеринин маданий мурастарын коргоого жана өнүктүрүүгө багытталган.

Жолугушууга Түрк маданияты жана мурасы фондунун долбоордук менеджерлери Лейла Гасанова жана Нури Аксу, Түрк лингвистикалык коомунун төрагасынын орун басары Омар Гек, илимий изилдөөлөрдүн директору Эмре Пекюрек катышты.