Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Анкарага расмий сапарынын алкагында Азербайжан жана Казакстандын Түркиядагы элчилери менен жолугушту

Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова Анкарага болгон расмий сапарынын алкагында Азербайжан Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Рашад Мамедов жана Казакстан Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Еркебулан Сапиев менен жолугушту.
Жолугушуулардын жүрүшүндө түрк элдеринин тарыхый достук жана боордоштук мамилелеринин азыркы доордо түрк мамлекеттеринин башчылары тарабынан ийгиликтүү уланып жаткандыгы баса белгиленди. Тараптар дүйнөлүк масштабда, ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн элдеринин жакындашуусунда улуттук-маданий мурас факторунун маанилүү ролун белгилешти. Түрк маданияты жана мурасы фондунун түрк мамлекеттеринин байыркы жана бай баалуулуктарын изилдөө, коргоо жана эл аралык деңгээлде жайылтуу багытындагы көп кырдуу ишмердүүлүгүнө жогору баа берилди.
Жолугушууларда Фонд менен Азербайжан Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилиги менен Казакстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин ортосундагы кызматташуунун келечектеги багыттары жана биргелешкен долбоорлор талкууланды.