Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Хулуси Кылыч менен жолугушту

Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Хулуси Кылыч менен жолугушту

БАКУ /TurkicWorld/ - Түрк маданияты жана мурасы фондунда уюмдун президенти Актоты Раимкулова менен Түркиянын Азербайжандагы мурдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси, Түркиянын «Имза» коомдук бирикмесиндеги өкүлү Хулуси Кылычтын жолугушуусу болду.

Жолугушууда фондунун президенти Актоты Раимкулова алгач Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады.

Үстүбүздөгү жылы Түрк дүйнөсүндө салтанаттуу белгиленип жаткан маанилүү мааракелердин катарында ал азыркы көз карандысыз Азербайжан мамлекетинин негиздөөчүсү, жалпы улуттук лидер Гейдар Алиевдин 100 жылдыгын өзгөчө белгиледи.

Жолугушууда Хулуси Кылыч Актоты Раимкулованы Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти кызматына дайындалышы менен куттуктады. Ал Фондду түрк дүйнөсүнүн материалдык жана маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу үчүн маанилүү аянтча катары баалады.

Жолугушуу эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алмашуу менен улантылды.