Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту

Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту

Баку. TurkicWorld:

Түрк маданияты жана мурасы фондунун Баку шаарындагы башкы кеңсесинде уюмдун президенти Актоты Райымкулова менен ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевдин жолугушуусу болуп өттү.

Алгач Актоты Райымкулова конокторду ТҮРКСОЙ уюмунун 30 жылдыгы, ошондой эле Түркия Республикасынын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Фонддун президенти түрк дүйнөсүндөгү ар тараптуу байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн Түрк кызматташтык уюмдарынын координацияланган ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Фонд менен ТҮРКСОЙдун ортосундагы түзүлгөн байланыштарга токтолуп, Актоты Райымкулова уюмдардын ортосундагы мамилелер мындан ары да ийгиликтүү өнүгүп, түрк элдеринин бай маданиятын жана мурастарын мындан ары да жайылтаарына ишенимин билдирди.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев Актоты Райымкулованы Түрк мамлекеттеринин башчылары тарабынан Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти болуп дайындалышы менен куттуктап, бул жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады. Башкы катчы ТҮРКСОЙ менен Фонддун ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуу 2024-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын багыттары жана эки тарапты кызыктырган башка маселелер боюнча пикир алмашуу менен уланды.