ИИМ Академиясынын Түркия жана Россиядан билим алууга кетип жаткан 30 курсанты ант берди

ИИМ Академиясынын Түркия жана Россиядан билим алууга кетип жаткан 30 курсанты ант берди

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-августта Түркия жана Россиянын ички иштер министрликтеринин окуу жайларынан билим алууга кетип жаткан 30 курсанттын кыргыз элинин алдында ант беришти.

Салтанаттуу иш-чарага ИИМ Академиясынын башчысы Териел Абитов, Түркия ИИМинин Жандармерия жана жээк күзөтүү Академиясынын кадрларды пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы Өзлем Йлмаз, курсанттардын ата-энелери, жакындары жана Академиянын өздүк курамы катышты.

Быйыл Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Академиясына 21, ал эми Түркия Республикасынын ИИМдин Жандармерия жана жээк күзөтүү Академиясына 9 курсант билим алуу максатында мекенинен алыс кетүүдө.

"Урматтуу курсанттар, сиздерди ант беришиңер менен куттуктаймын! Дароо айтып кетейин, ички иштер органдарында кызмат өтөө ар бириңерден кесипкөйлүүлүктү, эрктүүлүктү жана кыраакылыкты талап кылат. Бүгүнкү күндө силерге коюлуучу башкы талап, татыктуу билим алуу жана чет жерде мекениңердин намысын бийик коргоо. Баштаган жолуңар байсалдуу болсун! Окууңарды ийгиликтуу аяктап, дал ушул курамда, бекем ден соолукта, билимге сугарылган, жогорку даярдыктагы кызматкерлерден болуп келишет деп үмүттөнөм", - деди Абитов.