Садыр Жапаров Токаевге токой өрттөрүнөн курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Бишкек, 11.06.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн чыгышындагы токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, жалпы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын чыгышында күч алган токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.