12-июлдан тарта автоунааны алгачкы жолу каттоодо анын коопсуздугу жөнүндө күбөлүгү болушу шарт

12-июлдан тарта автоунааны алгачкы жолу каттоодо анын коопсуздугу жөнүндө күбөлүгү болушу шарт

2021-жылдын 12-июлунан тарта ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттерден Кыргызстанга алынып келинген унааларды алгачкы жолу каттоодо унаанын коопсуздугу жөнүндө күбөлүгү болушу милдеттүү болуп калды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул норма ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде жазылган жана "Транспорт каражатынын электрондук паспортунун системасы" унааларды эсепке алуунун жана башкаруунун бирдиктүү системасын түзүү үчүн зарыл.

Жарандар үчүн бул унаа сатып алуу жана сатуу процессин коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү. Унаанын конструкциясын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктү Бишкек, Ош жана Талас шаарларындагы аккредитацияланган лабораториялардан алууга болот. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин аракети менен унаа коопсуздугун тастыктоочу кызматтардын баалары 50%га төмөндөтүлдү.

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргызстандын аймагында "ТКЭПС" автоунааларын эсепке алуунун жана башкаруунун бирдиктүү системасы жайылтылууда.

Бул система унаа жөнүндө техникалык маалыматтар, авариялар, оңдоо иштери, чектөөлөрдүн ж.б. 100гө жакын маалыматты камтыйт.

Транспорттук каражаттардын электрондук паспорту, аны ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагына жасалып чыккан же алып келинген учурдан тартып, анын жокко чыгарылуусу же экспорттоолуусу боюнча тарыхынан толук маалымат алууга мүмкүндүк берип, ошол эле учурда сатып- алуу-сатуу процессинин коопсуздугун камсыздайт.

Унаанын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк - бул унаанын же башка унаа каражатынын учурдагы коопсуздук стандарттарынын талаптарына жооп бергендигин ырастоочу атайын документ. Мындай документсиз унааны иштетүүгө, сатууга жана ижарага берүүгө болбойт.

Документти алгандан кийин, анын берилгендиги жөнүндө маалымат атайын электрондук реестрге киргизилет - бул бурмалоо тобокелдигин минималдаштырат жана каалаган убакта күбөлүктүн аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк берет. Унаанын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк алуу - бул унаа сатып алуу жана сатуу процессинде сиздин коопсуздугуңузду камсыз кылат.

Жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн лабораториялар Бишкек, Ош жана Талас шаарларындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнүн жанында жайгашкан. Бишкекте эки лаборатория: автоКТБнын жанында. Ч.Валиханов, 1 жана "Риом-авто" унаа базарындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бөлүмүнүн жанында.