Шарджа – Бишкек – Шарджа багыты боюнча каттам кайрадан учуп баштайт

Шарджа – Бишкек – Шарджа багыты боюнча каттам кайрадан учуп баштайт

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы Бишкек жана Шарджа шаарлар арасындагы туруктуу каттам учуусун улантаарын кабарлайт. Авиакаттам жумасына 3 жолу - шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Шарджа – Бишкек – Шарджа маршруттук каттамын Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясы 2021-жылдын 16-июлунан тартып ишке киргизмекчи. Учуу убактысы - төрт саатка жакын.

«МЭА» ААК учуулардын географиясын кеңейтүү жана жүргүнчүлөрдү ташууну көбөйтүү максатында жаңы авиакомпанияларды тартып, алар менен жаңы каттамдарды жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзүүдө.