Бишкекте жаңы автобустар каттай баштады

Бишкекте жаңы автобустар каттай баштады

. Бишкек мэриясынын алдында жаңы автобустарды салтанаттуу ишке берүү аземи өттү.

Өзбекстанда жыйналган ISUZU 4HF1 япон үлгүсүндөгү автобустар бүгүнтөн баштап жүргүнчүлөрдү ташый баштайт. Жаңы автобустар каттамдар боюнча бөлүштүрүлүп, аларга тиешелүү номерлер берилди.

5 жаңы автобустук каттамдын схемасы иштелип чыкты, бул автобустар ошол боюнча каттай баштайт.

Алар төмөнкүдөй каттам боюнча катташат:

Маршрут #10 - "Ак-Ордо" конушу - айланма";

Маршрут #11 - "Ак-Ордо" – айланма";

Маршрут #12 - "Маевка" айылы - "Көк-Жар" айылы;

Маршрут #13 - "Муромск көчөсү - "Кырман" конушу;

Маршрут #14 - "12 кичирайон" - "Ак-Ордо" конушу.

Бишкек мэри Бактыбек Кудайбергенов билдиргендей, алар 1-июлга чейин жүргүнчулөрдү акысыз ташыйт.

Эскерте кетсек, 4-июлда Бишкек мэриясында шаардык транспорт башкармалыгы менен «Эко жүргүнчү ташуу» ЖЧКнын ортосунда Өзбекстанда жыйналган япон маркасындагы автобустарды алып келүү жөнүндө келишимге кол коюлган.

Кызматташтык тууралуу меморандумга ушул жылдын май айында кол коюлган. Келишимге ылайык, «Эко жүргүнчү ташуу» компаниясы үстүбүздөгү жыл аралыгында Бишкекке 350дөн кем эмес газмоторлуу автобустарды алып келет. 50 автобустан турган биринчи партия келди.