Бишкекте Өзбекстандан экоавтобустарды алып келүү маселелери талкууланды

Бишкекте Өзбекстандан экоавтобустарды алып келүү маселелери талкууланды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана борбор калаанын вице-мэри Русланбек Акылбеков “Өзавтосаноат” компаниясынын инвестиция жана өнүктүрүү маселеси боюнча башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жахонгир Тиллаев жана Самарканд автомобиль заводунун башкы директору Улмас Юлдашев менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, келген коноктор ISUZU япон маркасындагы газ менен иштөөчү өзбек өндүрүшүндөгү экологиялык автобустардын биринчи партиясы Бишкекке 2021-жылы 1-июлда келерин маалымдашты. Ошондой эле алар Бишкекке автобустарды сервистик тейлөө боюнча борбор курууну пландап жатышканын айтышты.

Мэрдин милдетин аткаруучу Б.Кудайбергенов иш сапары менен келген конокторго ыраазычылык билдирип, борбор калаа үчүн экологиялык коомдук транспортторду алып келүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.