Кыргызстан менен Украинанын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Украинанын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселеси талкууланды

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев 2021-жылдын 17-июнунда Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу учурунда эки тарап туризм тармагынын келечегин жана Кыргызстан менен Украинанын ортосунда жаңы авиакаттамдарды ачуу тууралуу сүйлөшүштү.

Жолугушуунун соңунда тараптар тыгыз кызматташууга макулдашышты.