Билет баасы 69 сом. Бишкек — Балыкчы каттамы боюнча поезд каттай баштады

Билет баасы 69 сом. Бишкек — Балыкчы каттамы боюнча поезд каттай баштады

2021-жылдын 18-июнунан тарта Бишкек — Балыкчы — Бишкек каттамы боюнча поезд каттай баштады. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган каттам боюнча поезд эс алуу мезгили аяктаганга чейин каттайт.

Билет баасы — 5 жаштан 10 жашка чейинкилерге - 34 сомдон, 10 жаш жана андан улууларга - 69 сом. Ал эми 5 жашка чейинки балдарга акы алынбайт.

"Коронавируска каршы чектөөлөрдү сактоо үчүн жүргүнчүлөргө сөзсүз беткап тагынып саякаттоого уруксат берилет жана кол кап кийүү сунушталат. Поездде вагондордун ортосунда жүргүнчүлөрдүн кыймылына тыюу салынган", - деп кошумчалашты ишкананын басма сөз кызматынан.