Asman Airlines Бишкектен Казарманга алгачкы жүргүнчү каттамын аткарды

Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Asman Airlines Бишкектен Казарманга алгачкы жүргүнчү каттамын аткарды.

12-августта авиакомпаниянын биринчи техникалык учуусу ийгиликтүү болгон. Бүгүндөн тарта жаңыланган "Казарман" аэропорту расмий түрдө ишин жандантат. Иш-чарага президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышат.

“Кыргызстандын аэропорттору” компаниясынан билдиришкендей, “Казарман” аэропортунун тарыхы 1940-жылдары айылдын четинде биринчи конуу тилкеси пайда болгондон башталат. Анда тургундарды жана “Макмалалтын” комбинатында иштегендерди ташыган транспорттук түйүнгө айланган.

1985-жылы аэропорттун заманбап терминалы жана учуу тилкеси курулган. Ал кезде аэропорт Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларына туруктуу каттамдарды жасап, тоолуу райондорду өлкөнүн калган аймактары менен байланыштырган.

Акыркы каттам 2003-жылы аткарылган. Аларды кайра жандандырууга 2008 жана 2013-жылдары аракеттер жасалган, бирок ал кезде суроо-талап аз болгондуктан, аэропорт ишин уланткан эмес.

Маалыматка ылайык, аэропорт деңиз деңгээлинен 1200 метрден ашык бийиктикте жайгашкан. Анын 1840 метрлик учуу-конуу тилкеси 22 тоннага чейинки салмактагы учактарды кабыл алууга жөндөмдүү, буларга Dash Q400 сыяктуу заманбап учактар, ошондой эле Ан-2, Ан-26, Як-40 жана бардык типтеги тик учактар кирет.

2022-жылдан 2023-жылга чейин масштабдуу реконструкция жүргүзүлдү, инфраструктура жаңыланды. 2018-жылы аэропорттун аэробекети оңдоп-түзөөдөн өтүп, 2024-жылдын ноябрь айында “Кыргызстандын аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов аэропорт толугу менен пайдаланууга даяр экенин билдирген.

Бүгүндөн тарта аэропорттон үзгүлтүксүз каттамдар аткарылып, облустун тургундары жана Кыргызстандын коноктору үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.