Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Ош-Тазалык ишканасына таштанды ташуучу эки унаа берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 2-сентябрда Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест ЖЧК тарабынан берилген техникаларды калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев кабыл алды.
Эске салсак, буга чейин 26-мартта демөөрчүлөр тарабынан Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык чарба жана социалдык багытта иш алып барган ишканаларга жаңы атайын техникалар тапшырылган.