Бишкектен Делиге авиакаттамдар кайрадан жанданды

Бишкектен Делиге авиакаттамдар кайрадан жанданды

«Манас» эл аралык аэропортунан Делиге (Индия) чартердик каттам жанданды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, каттамдар «Эйр Манас» авиакомпаниясы тарабынан шейшемби күндөрү аткарылат. Буга чейин «Эйр Манас» авиакомпаниясы Дели шаарына 2015-2018-жылдары каттамдарды аткарган.