Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө мамлекеттердин жыл сайын өтчү Координациялык жолугушуусуна катышты.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ислам дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн алдында турган актуалдуу маселелер жана чакырыктар, ошондой эле ИКУга мүчө мамлекеттердин мындан аркы өнүгүүсүнүн келечеги каралды. Ислам уммасынын бир катар аймактарында жана өлкөлөрүндө коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Өз сөзүндө Жээнбек Кулубаев Кыргызстан ар кандай куралдуу жаңжалдарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактай турганын белгилеп, дүйнөлүк коомчулукту Газа секторундагы ок атышууну токтотуу жана палестина-израиль жаңжалын БУУнун резолюцияларына ылайык “эки эл үчүн эки мамлекет” принциби негизинде чечүүгө чакырды.
Министр ошондой эле Кыргызстан ар дайым БУУнун Уставында жана башка негизги эл аралык документтерде бекитилген эл аралык укуктун жалпы таанылган нормалары менен принциптерин урматтоонун тарапкери экенин белгиледи.
Мындан тышкары, министр ИКУнун тынчтыкты орнотуу, алдын алуу дипломатиясы, ортомчулук аракеттери, ошондой эле терроризмге, экстремизмге жана исламофобияга каршы күрөшүү багытындагы потенциалын чыңдоого багытталган аракеттеринин маанилүүлүгүн белгилеп өттү.