Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Күн мурун, 16-сентябрда Бишкек шаарында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев менен ЕККУнун учурдагы төрагасынын атайын өкүлү Тери Хакаланын жолугушуусу болуп өттү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Финляндиянын ЕККУга төрагалыгынын аралык жыйынтыктары чыгарылып, Тери Хакала кыргыз тарапка Уюмдагы фин төрагалыгынын демилгелерин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, Асеин Исаев ЕККУнун иштешинин айрым маселелери боюнча кыргыз тараптын көз карашын белгиледи.
Мындан тышкары, ЕККУнун башкы катчысы Феридун Синирлиоглунун 2025-жылы Кыргызстанга боло турган сапарын уюштуруу жана даярдоо, ошондой эле 2025-жылдын декабрында Вена шаарында өтө турган ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын Скандинавия өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен өзүнчө жолугушуусун өткөрүү маселеси талкууланды.