Бишкекте ТМУ өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны өтүүдө

Бишкек, 12.09.25 /Кабар/. Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны өтүүдө.

Жыйындын катышуучулары:

  • Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов;
  • Азербайжан президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Рамиль Усубов;
  • Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, президенттин жардамчысы Гизат Нурдаулетов;
  • Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Окай Место;
  • Өзбекстандын президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов;
  • ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев.

Жыйында тараптар коопсуздук тармагындагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашат.

Жыйын жабык форматта өтүүдө.