Садыр Жапаров

Садыр Жапаров Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Пекинге келди

Бишкек, 09.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2 сентября Кытайга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Пекин шаарына келди.

Тяньцзинь шаарында мамлекет башчысын расмий узатуу аземи болуп өттү, ага кытай тараптын өкүлдөрү катышты.

Садыр Жапаров Кытайдын борборуна ылдам жүрүччү поезд менен келди. Темир жол бекетинин аянчасына килем төшөлүп, тосуп алуучулар жана Кыргызстан менен Китайдын желектерин кармаган балдар катарга тизилишкен.

Сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров 3 сентября Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин жана аякташынын 80 жылдыгына арналган Парадга катышат, ошондой эле КПК БК Саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү, КПК БК Катчылыгынын Катчысы Цай Ци менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тема боюнча жаңылыктар