Бишкекте Кыргызстан жана Палестина ТИМ башчыларынын жолугушуусу өтүүдө

Бишкекте Кыргызстан жана Палестина ТИМ башчыларынын жолугушуусу өтүүдө

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-августта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан жана Палестинанын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилеринин деңгээлинде расмий кыргыз-палестин сүйлөшүүлөрү башталды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Малики менен регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулайт.

Тараптар ошондой эле кыргыз-палестин мамилелеринин кеңири чөйрөсүн жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулап, ошондой эле түрдүү тармактарда кызматташуу тууралуу бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшат.