Ак-Талаада Р-2 каналын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Ак-Талаа районунда ирригациялык каналдарды инновациялык ыкма менен калыбына келтирүү иштери колго алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Райондук суу чарба башкармалыгынын балансында турган "Чон-Бактыгул" чарба аралык чоң каналынан бөлүнгөн жалпы узундугу 4,1 чакырым болгон Р-2 каналынын 2,7 чакырым аралыгына суу үнөмдөө максатында бетон төшөлмө орнотулууда.

Бул канал 1960-жылы курулуп, учурда өз нугун жоготуп, сайга айланып калган. Натыйжада суунун фильтрацияга кеткен коромжусу көбөйүп, суу бөлгүчтөр иштебей, техника өтүүчү көпүрөлөр жок абалга келген.

Мамлекет тарабынан бул ишке 17,7 млн сом каражат бөлүнүп, Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгы аркылуу аткарылууда. Жобонун алкагында каналга 8 даана суу бөлгүч калыбына келтирилип, 3 даана жаңы көпүрө курулат.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар ишке тартылып, аткарылган жумушунун көлөмүнө жараша эмгек акы төлөнүүдө.

Р-2 каналына бетон төшөлмө орнотулуп бүткөн соң бул канал аркылуу 305 гектар айыл чарба багытындагы жер аянттары сугат суусу менен камсыз болуп, суунун фильтрацияга кеткен коромжусу жоюлуп, дыйкандарга суу жеткирүү абдан жакшырмакчы.