Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу билим берүү жана театр-оюн-зоок мекемелери 39 кичи автобустуу болушту.
Алардын арасында Кыргыз улуттук "Манас" театры да бар. Маданий мекеменин директору Нурбек Талантбеков "Кабар" агенттигине билдиргендей, манасчыларга 15 орундуу унаанын ачкычы тапшырылды.
Нурбек Талантбековдун айтымында, театрда буга чейин унаа жок болчу. Акыркы ирет регионго болгон сапарда алар ижарага алган эки унаага эле 200 миң сом коротушкан.
"Министр ушул берилген унааларды сарамжалдуу, аяр колдонуу менен чыгармачылыкка жана элдин руханий байлыгын өстүрүүгө көмөгү тийсин деп белгиледи. Биздин Кыргыз улуттук "Манас" театрына ак түстөгү 15 орундуу унаа бөлүндү.
Биздин чыгармачыл жамаат, акын, манасчы, дастанчылардын кубанычы койнуна батпай, белекти өзгөчө сүйүнүү менен кабыл алды. Ушундай эле эки кичи автобусту биз акыркы бир жумалык сапарыбызда жалдап, 200 миң сом төлөгөнбүз.
Эми биз жаңы заманбап унаабыз менен бул сапар мамлекеттин акчасын да сарамжалдуу пайдаланып, жигердүү иштегенге жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ болдук.
Ушундай колдоо көрсөткөн президентибизге, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине терең ыраазычылык билдиребиз. Себеби, маданият тармагына буга чейин унаа берилген эмес. Бул чоң жаңылык", - деди ал.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын июль айында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жалпы 72 унааны, анын ичинде 51 орундуу – 5 чоң автобус, 37 орундуу – 10 автобус, 15 орундуу – 57 кичи автобусту Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине тапшырган.
Жаңы унаалар маданий иш-чара, фестиваль жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган иштердин натыйжалуулугун арттыруу максатында пайдаланылат.