147 жылдык тарыхты камтыган Жалал-Абад заманбап Манас шаарына айланат

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары Манас шаары болуп өзгөртүлдү. Шаарды кайра атоо жөнүндө мыйзамга күн мурун президент Садыр Жапаров кол койду. Бул ирет биз 147 жылдык тарыхты камтыган Жалал-Абад шаарынын заманбап Манас шаарына айлануусуна чейинки тарых беттериндеги маалыматтарга токтолобуз.

Жалал-Абад шаарынын тарыхы тээ 1877-жылдарга барып такалат

WhatsApp Image 2025-09-18 at 17.36.08 (3).jpeg

Жалал-Абад шаары расмий документтерде 1877-жылы октябрь айында түзүлүп, шаар макамын алганы айтылат. Шаардын эң алгачкы аты Джаляль-Абад деп аталган. Буга ошол кездеги административдик-аймактык бөлүнүшү боюнча жазылган расмий булактар мисал боло алат. Кийинчерээк шаар аталышына орфографиялык өзгөртүү киргизилген соң, 1936-жылдан 2002 –жылга чейин Джалал-Абад деп аталган. 2002-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен “Жалалабат” деп өзгөртүлгөн. 2008-жылдын июнь айында парламент өлкөдөгү калктуу конуштардын аталыштарын дефис менен жазуунун ордуна келтирүү токтомуна ылайык “Жалалабат” “Жалал-Абад” деп аталган.

WhatsApp Image 2025-09-18 at 17.36.08 (2).jpeg

“Абад” сѳзү перс тилинен которгондо “жай, орун”, “адамдар жашаган жай” дегенди билдирет. Мындан сырткары, “джелал” перси жана араб тилдеринен “даңк, ыйык,улук” деп которулат. Ошондо шаардын аталышы “Даңктуу жай”, же “ыйык жай” деп түшүндүрүлөт.

Заманбап шаарга айланган Манас

1991-жылдан бери шаар Жалал-Абад облусунун борбору болуп саналат. 2023-жылдан баштап шаарда чоң ѳзгѳрүүлѳр орун алып, Жалал-Абад күндөн-күнгө таанылгыс болуп өзгөрүүнүн үстүндө. Бүгүнкү күндө өнүгүү жолуна түшкөн шаарлардын бирине айланды.

WhatsApp Image 2025-09-18 at 17.36.07 (4).jpeg

Курулуш иштери жүрүп, социалдык инфтраструктуралар, өндүрүш ишканалары курулуп, сейил бактар, спорт комплекстери пайда болду, жолдор салынды. Эгемендүүлүк күнү бул ирет Жалал-Абад шаарында салтанаттуу белгиленип, президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн жаңы административдик имараты ачылды.

WhatsApp Image 2025-09-18 at 17.36.07 (2).jpeg

Жалал-Абад шаардык кеңешинин 3-сентябрдагы кезексиз сессиясында депутаттар шаардын аталышын Манас кылып өзгөртүү боюнча шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдоп беришти.

10-сентябрда Жалал-Абад шаарын Манас деп кайра атоо мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Ал эми күн мурун президент Садыр Жапаров аталган мыйзамга кол койду.

WhatsApp Image 2025-09-18 at 17.36.07.jpeg

Мыйзамдын максаты улуттук идеологияны чыңдоо, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкѳл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу болуп эсептелет. Мындан улам мыйзам менен Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо каралган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Шаарга Манас атынын берилиши Манаска болгон мамилени күчөтөрүн, Манасты пропагандалоого таасирин тийгизерин Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков айтты. Ошондой эле ал учурда шаарга маданий үйлөрдү, жатак мектептерди салуу боюнча долбоорлор сунушталганын белгиледи.

WhatsApp Image 2025-09-18 at 17.36.07 (3).jpeg

“Коомчулукта Манас шаарында кылмыштуулук сыяктуу терс көрүнүштөр катталып калса кандай болот деген элдин тынчсыздануусун жакшы өңүттө карасак болот. Себеп дегенде, бул элдин Манаска күйүп жатканын, Манастын руханий баалуулугуна кайдыгер эмес экендигин көрсөтүп турат. Жан дили менен сарсанаа болуп жатканы жакшы көрүнүш. Ошол эле учурда биз өзүбүздүн баалуулуктарды аруу, таза кармайбыз деп эч нерсеге колдонбой отура бербешибиз керек. Биз Манасты руханиятыбыз, идеологиябыз дегенибиз менен өзгөчө деңгээлде иш алып барылбай жатат да. Бул дүйнөдөгү башка элде болгондо алар болгон баскан-турганынын баарын Манас деп атап, дүйнөгө таанытып, туристтердин чордонуна айлантмак. Биз кызганып, сактайбыз, салттуулук деп отуруп, ушуга кептелдик. Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүүнү мен манасчы катары дагы, жетекчи катары дагы кубаттап, чын дилден колдойм.

WhatsApp Image 2025-09-18 at 17.36.06.jpeg

Элде кандайдыр бир деңгээлде Манаска болгон мамиле, Манасты пропагандалоо келечек муунга өз таасирин берет. Ошол эле Жалал-Абад шаарынын жаштары Манаска тил тийип калбасын деп өзгөрүүгө өтөт. Манас шаары деп эле атап койбой, шаарды жаңылоо, жакшыртууга көңүл бурулуп жатканы да жакшы көрүнүш, мындан ары да шаар кулпуруп-көрктөнүп турса деген ишенич пайда болду. Жалал-Абад шаарына гана эмес, биз ар бир облустагы шаарларга Манастын өнөр мектептерин ачсак деген сунуш бар эле. Учурда Манас шаары болгондон кийин Манас боюнча чоң маданий үйлөрдү, жатак мектептерди салуу боюнча долбоорлор сунушталды. Бул багытта иштер башталды”, - деди Нурбек Талантбеков.

WhatsApp Image 2025-09-18 at 17.36.08 (1).jpeg

Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришкендей, шаарды Манас деп өзгөртүүгө жергиликтүү бюджеттен дээрлик 15 млн сом керектелет. Бул каражатка Аюб-Тоодогу “Жалал-Абад” стеласын өзгөртүү, шаардагы илинген Жалал-Абад шаары деген аталыштарды ѳзгѳртүү, мѳѳрлѳрдү алмаштыруу, почта дарегин ѳзгѳртүү, шаардагы муниципалдык мекеме, ишкана жана уюмдардын жоболорун Юстициядан каттоо жумуштары жүргүзүлөт. Ал эми шаар тургундары эч кандай чыгымга учурабайт. Анткени алар документтерин алмаштыруусу шарт эмес. Болгону документтерди кайра каттоо, же жаңыдан алуу учурунда гана Манас шаары деген жаңы аталыш менен документтерин алары айтылды.