Кыргызстанда 7 жыл ичинде газдаштыруунун деңгээли 22%дан 36%га өстү

Кыргызстанда 7 жыл ичинде газдаштыруунун деңгээли 22%дан 36%га өстү

2014-жылдан тарта Кыргызстанда газдаштыруунун деңгээли 22%дан 36%га өстү. Бул тууралуу Кыргыз маалыматтык технологиялар форумунун алкагында «Газпром Нефть Азия» ишканасынын өкүлү Максат Сабиров билдирди.

“Бүгүнкү күндө жаратылыш газы Кыргызстандын 40ка жакын калктуу конуштарына берилип, 293 миңден ашуун абоненттерге кызмат көрсөтүлүүдө”, - деди ал.

Өз кезегинде, Сабыров “Газпром Нефть Азия” ишканасы жылына 200-250 чакырым газ түтүгүн салууну пландап жаткандыгын белгиледи.