Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. Талас районунун Каракол айылында 10 кВ жаңы электр чубалгысы курулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Чубалгы "Конезавод" 35/10 кВ көмөк чордонунан тартылган. Иштерди Талас электр тармактар ишканасы аткарууда.
Аба чубалгысынын жалпы узундугу 7 км болуп, учурда СИП-3 зымдарын тартуу иштери жүрүүдө. Пландалган 170 жаңы темир-бетон мамычанын ичинен 80ни орнотулду.
Курулуштун максаты — аймактагы тургундарды туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу.